Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Лозаннада Ирандын атомдук программасы талкууланууда


Лозаннада Тегерандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жаткан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жолугушту. 31-мартта келишимдин долбоорун түзүүгө берилген мөөнөт соңуна чыгууда.

Британия, Кытай, Франция, АКШ, Германия жана Ирандын тышкы мекеме жетекчилери акыркы жолу былтыр ноябрда кездешип, бирок мунасага келе алышкан эмес. Дүйнөлүк державалар Иран уран байытуу иштерин токтотсо, Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялар жеңилдетилет деген шарт коюп келатышат.

Келишимдин негизги пункттары марттын аягына чейин белгиленип, ал эми негизги документ 30-июнга чейин даяр болушу керек эле.

Маалымат каражаттары кабарлашкандай, тараптар Иранга канча центрифуга иштетүүгө уруксат берилүүгө тийиш жана байытылган уранды өлкөдөн чыгарып кетүү маселелерин талкуулап жатат. Центрифугалардын санын азайтуу ядролук курал жасоого жетиштүү көлөмдөгү уран чыгарууну алдын алмак. Тегеран атомдук программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ырастап келатат.

XS
SM
MD
LG