Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Атамбаев "Евроньюс" телеканалына маек курду


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" телеканалынын Бельгиядагы өкүлчүлүгүнүн студиясында маек курду. Анда Атамбаев Европанын беш мамлекетине жасаган расмий сапары жана Евросоюздун институттарынын жетекчилери менен жолугушуулардын жыйынтыгы туурасында айтып берди.

Ошондой эле Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө болуп кирүүсүнө негиз болгон жагдайларга токтолуп, өлкө үчүн башында татаал болгону менен, чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылып жатканын айтты. Мамлекет башчысы журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү буга чейин мүчө болгон Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун шарттарына каршы келбестигин белгиледи. Мындан сырткары, Атамбаев Кыргызстан Орусия башында турган стратегиялык өнөктөштөр менен катар эле башка мамлекеттер менен дагы көп вектордуу тышкы саясатты жүргүзөт деп ишендирди.

Атамбаев телеинтервьюда 2015-жылы парламенттик жана 2017-жылы президенттик шайлоону демократиялык стандарттардын негизинде өткөрүүгө Кыргызстанда чоң камылга көрүлүп жатканын да айтты. (KJ)

XS
SM
MD
LG