Пакистан согуштук аракеттер жүрүп жаткан Йеменден жүздөгөн жарандарын жана дипломаттарын эвакуациялады. Бардыгы болуп Пакистан Аба жолдорунун Боинги 29-мартта Ал-Худайя портундагы аэропорттон 494 кишини чыгарып кетти.
Сауд Арабиянын армия башчылары элди эвакуациялоого убакыт берүү үчүн порттун айланасында операция эки саатка токтотулганын билдиришти.
Ал тапта Пакистан бир кемеси Аден кысыгына жол алганын кабарлады. Исламабаддын расмий маалыматына ылайык, Йеменде 3 миңдей жаран жашайт.
Премьер-министр Наваз Шариф Пакистан Сауд Арабия баштаган кампанияга кошулат деген маалыматтарды четке какты. Бир нече күндөн бери коалиция Йемендин басымдүү бөлүгүн шийилердин хуси козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп келатат.
Сауд Арабия Иранды козголоңчуларды колдогондугу үчүн айыптоодо.