Нарында милиция миң даана аммонит жардыруучу затын 200 миң сомго сатып жаткан жаранды кармады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун Арал айылынын тургуну, «Макмалалтын» ишканасынын 31 жаштагы жумушчусу жардыргыч затты Бишкектин Арча-Бешик конушунун 36 жаштагы жашоочусуна соодалап жаткан учурда, 27-март күнү облустук Уюшкан кылмыштуулукка күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.
Алар отурган «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда салмагы 200 кг болгон миң даана аммонит жардыруучу заты, 100 даана жардыруучу заттын детонаторлору жана 1250 метр узундуктагы жардыруучу заттын зымдары табылган.
Өткөн жумада “Макмалалтындан” ири көлөмдө аммонит уурдалганы кабарланган болчу. Бул зат тоо-кен казуу өнөр жайында, жолдордун жана жогорку чыңалуудагы линиялардын курулушунда колдонулат. (MiK\SE)