Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:09

Атамбаев Евробиримдикти кош стандарт үчүн сындады


Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы Доналд Туск менен. Белгия, 27-март, 2015-жыл.
Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы Доналд Туск менен. Белгия, 27-март, 2015-жыл.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Брюсселде “Демократиялык Кыргызстан” деп аталган сүрөт көргөзмөсүнүн алкагында европалык эксперттер менен жолугушууда Евробиримдиктин демократиялык баалуулуктарды колдоо ыкмасына нааразы болду.

Атамбаев учурда Украинага көрсөтүлүп жаткан бир канча миллиарддаган каржылык жардамды мисал келтирип, кезинде Кыргызстан Евробиримдиктен 15 миллион евро сурап, бирок ал белгисиз себептерден улам аткарылбаганын эске салды. Ошондой эле мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адамдары Кыргызстандан чыгарып кеткен ири сумманы кайтарууга Евробиримдик учурунда көмөк көрсөтпөгөнүн айткан Атамбаев элдин демократиялык бийлигин орнотуу аракетине колдоо болбогонун белгиледи.

Атамбаевдин Европанын беш мамлекетине 22-мартта баштаган сапары бүгүн Германияда соңуна чыгат. (KJ\SE)

XS
SM
MD
LG