Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Балыкчыда экопосттун ордуна туристтерди тейлөөчү комплекс куруу пландалууда


Бул туурасында “Азаттыкка” Ысык-Көлдөгү өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди. Анын айтымында, Балыкчы шаарына кире бериштеги экологиялык пост реконструкцияланып, анын ордуна этноборбор курулат. Бул жерде туристтер үчүн мейманкана, автоунаа токтоочу жай, тамак-аш жайлары өңдүү бир катар тейлөө шарттары түзүлөт.

Ушул тапта комплекстин курулушу боюнча долбоорлор чогултулууда. Келген долбоорлор каралган соң алардын авторлорунан чыгармачыл топ түзүлүшү мүмкүн.

Этноборборду куруу боюнча долбоорлордун конкурсу 2014-жылдын соңунда жарыяланган. (AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG