Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Токтонасыров Беларус президентинин сөлөкөтүн өрттөдү


Токтонасыров өткөргөн акция. 31-март, 2015-жыл.
Токтонасыров өткөргөн акция. 31-март, 2015-жыл.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Ак үйдүн алдына чыгып, Беларус президенти Александр Лукашенконун сөлөкөтүн өрттөдү. Ал муну менен Минскиде баш паанек тапкан Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди экстрадиция кылуу талабын билдирүүдө.

Өндүрүш Токтонасыров Беларустун Бишкектеги элчилигине да бир нече ирет мурунку президентти кайтарып берүү талабы менен ар кандай формада акцияларды өткөрүп келген.

Мурунку президент Курманбек Бакиев куралсыз элге ок атууга буйрук берген деген айып менен сыртынан соттолгон. 2010-жылы апрель окуясынан бери ал үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашап жатканы айтылып келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG