Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Пентагондун башчысы Араб лигасынын демилгесин колдоду


Йемендин Сана шаарына Саудия баштаган коалиция абадан сокку ургандан кийинки көрүнүш. 30-март, 2015-жыл.
Йемендин Сана шаарына Саудия баштаган коалиция абадан сокку ургандан кийинки көрүнүш. 30-март, 2015-жыл.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн суннит лидерлеринин биргелешкен аскер күчүн түзүү планын колдоду.

Ал эми Мамлекеттик департамент алар Араб лигасынын аскер күчтөрүнүн так структурасын жана операция жүргүзүү мандатын күтүп жатканын билдирди.

Суннит лидерлеринин планы боюнча биргелешкен аскер күчү “Ислам мамлекети” тобуна жана Йеменден Иран колдогон хусит согушкерлерине каршы күрөшүүсү керек.

Араб лигасынын 29-мартта Каирде өткөн саммити Сауд Аравия, Египет жана аларга өнөктөш мамлекеттердин аймактык кризистерге аскерий жол менен кийлигишүү ниети бардыгын ачыктады.

Алардын биргелешкен аскер күчтөрү кандай негизде иш алып барары алдыдагы бир ай ичи такталып, ал эми сунуштардын баары төрт ай ичинде даярдалышы керек.

Бирок он суннит өлкөсүнүн Саудия баштаган коалициясы Йемендеги хусит согушкерлерине абадан азыр эле сокку урууда. (UE)

XS
SM
MD
LG