Дүйнөнүн алты державасы жана Ирандын ортосундагы сүйлөшүүнү жыйынтыктоо үчүн берилген мөөнөт бүгүн аяктоодо. Тараптар буга чейин макулдашкандай, 31-мартка чейин Ирандын талаштуу өзөктүк программасын жөнгө салууга саясий негиз болуучу келишимге кол коюшу керек.
Андай келишимдин түзүлүшү өз кезегинде быйыл 30-июнга карата жыйынтык келишимге кол коюлушуна жол ачмакчы. Сүйлөшүүлөргө тартылган АКШ, Кытай, Британия, Франция, Германиянын дипломаттары бүгүн адегенде өз ара, андан кийин Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен кездешти.
Ирандын өзөктүк программасы боюнча талаш-тартыш уланып жатканына быйыл 12-жылга аяк басты.
Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасоону көздөйт деп шек санашса, Тегеран мындай ырастоолорду такай четке кагат. (UE)