Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Бирмада ок атышууну токтотуу боюнча “тарыхый” келишимдин долбооруна кол коюлду


Келишим Түштүк-Чыгыш Азиянын бул өлкөсүндө 65 жылдан ашуунга созулган куралдуу жаңжалды токтотуу максатын көздөйт.

Документтин долбооруна бүгүн өкмөттүн жана Бирмадагы 16 улуттук куралдуу тайпанын башын бириктирген Ок атышууну токтотууну координациялоо тобунун мүчөлөрү кол коюшту.

Салтанатка өлкө президенти Тейн Сейн да катышты. Улуттар уюму окуяны “тарыхый жана ири жетишкендик” деп атады.

Бирманын 49 жылга созулган аскерий режимден кийин 2011-жылы бийликке келген жарым-жартылай жарандык өкмөтү өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарды токтотууну башкы приоритети катары мерчемдеген. Өкмөт ошол куралдуу топтордун өкүлдөрү менен 2013-жылдан бери сүйлөшүп жаткан эле.

Кол коюлган келишим долбоору эми козголоңчулардын улуттук лидерлеринин жактыруусуна берилет. Жыйынтык келишимге улуттук куралдуу топтордун баарынын биргелешкен конференциясында кол коюлушу керек. Жыйындын убактысы азырынча белгилене элек. (UE)

XS
SM
MD
LG