Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

“Ислам мамлекети” тобу Сирияда отуздай жөн-жай тургундун өмүрүн кыйды


Бул тууралуу баш кеңсеси Британияда жайгашкан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдирүүдө.

Алардын маалыматына караганда, "Ислам мамлекети" радикал тобу кеминде 30дай жөн-жай тургунду Сириянын борбордук бөлүгүндөгү Мабужа кыштагын басып алгандан кийин өлтүрүшкөн.

Башы алынып, өрттөлүп, атылып өлтүрүлгөн адамдардын арасында аялдар менен жаш балдар да бар.

Сириянын мамлекеттик телеси өкмөттүк күчтөр кыштактагы террордук чабуулду токтотконун билдирди. Бирок өмүрү кыйылгандардын саны тууралуу айткан жок. Мабужа кыштагы борбордук Хомс провинциясы менен түндүктөгү Алеппо провинцияcын байланыштырган кан жолдун боюнда жайгашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG