Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Иран Йеменге жасалып жаткан аба соккуларын токтотууга чакырды


Тегерандын пикиринде, аба соккулары “тезинен” токтотулушу керек. Анткени, ал бүткүл аймакка коркунуч туудурууда. Тышкы иштер министринин орун басары Хусеин Амир Абдоллахиан бүгүн Кувейтте жүргөн жеринен билдиргендей, Иран жана Сауд Арабия Йемен кризиси боюнча кызматташа алат.

Бул аралыкта Иран бүгүн Йеменге аскерий эмес жардам жөнөткөнүн мамлекеттик телеканал кабарлады.

Ал эми Эр- Рияддан Саудиянын тышкы иштер министри Сауд ал –Файсал Ирандын хусит согушкерлерин колдоосун айыптап, Тегеран Йеменди “дестабилдештирүүнү” көздөп жатканын белгиледи.

Бүгүн Йемендин жакынкы коңшусу - Саудия баштаган коалиция өлкөнүн аймагына кайрадан сокку урган эле.

Коалициянын аскерий учактары хусит согушкерлеринин буталарына бүгүн алтынчы күн катары менен сокку урса, ал эми аскерий кемелер согушкерлер колундагы аэропортту жана порттук Аден шаарынын чет жакасын биринчи ирет аткылашты.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кечээги жана бүгүнкү аба соккулар Иран колдогон хусит согушкерлеринин курал кампаларын жана алардын борбор – Сана шаарынын жанындагы лагерлерин бутага алды.

Сана шаарынын тургундары соңку аба соккуларын шаарды буга чейин бомбалоонун эң ургалдуусу катары мүнөздөштү. (UE)

XS
SM
MD
LG