Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева 31-март күнү Ош шаарындагы билим берүү мекемелери менен таанышып жаткан учурда билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге чыгарылган корутундуга ылайык, бала бакчалардын да 84% авариялык абалда турат.
Сариева учурда 162 мектепти оңдоо боюнча өкмөткө жана Каржы министрлигине кайрылганын билдирди. (YI)