Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциялык фактылар табылды


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты тейлөө жана жарандык абал туурасындагы актылар боюнча департамент “Дарек-маалымат бюросу” аттуу автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен келишим түзгөн. Ага ылайык Мамлекеттик каттоо кызматы “Инфокомго” 8 миллион 81 миң сом акча каражатын которгон жана бул акча толугу менен пайдаланылган.

Бирок аталган маалымат системасы жана программалык камсыздоо ишке кирген эмес. Долбоор боюнча биринчи гана этап жыйынтыкталган. Долбоордун экинчи этабына ошол эле каражаттын эсебинен 3 миллион 508 миң 188 сом каралган болчу. Мындан тышкары IT-адистерге 1 миллион 65 миң 960 сом өлчөмүндө айлык акы жасалма түрдө жазылган.

Департаменттин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен мамлекетке 4 миллион 574 миң 148 сом чыгым келтирилген.

Бул факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же коротуу) жана 315-беренеси (кызматтык алдоо) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат.(AzK)

XS
SM
MD
LG