Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Ошто эски автобекет шаардын сыртына көчүрүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэри Кутманаалы Абдрахман уулу билдирди. Анын айтымында, автобекетти көчүрүү иши 10-майга пландалган.

Көчүрүү маалында автобекетке келчү жолдун дээрлик бардыгы жабылат. Союз маалынан калган эски автобекетти азыр жеке ишкер иштетет. Күн сайын ага шаарга жакын 44 багыттан 300-320 кичи автобус каттайт.

Шаар бийлиги жаңы муниципалдык автобекетке шаардын ичинде өз алдынча бекет уюштуруп алган аймактык такси айдоочуларды да көчүрүүнү көздөөдө. Муну менен шаар бийлиги жол тыгындарын азайтуу жана автовокзалдан шаардын бюджетине көбүрөөк киреше алып келүү максатын көздөөдө. (AzK\YI)

XS
SM
MD
LG