Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

AI өлүм жазасынын саны өсүп жатканына тынчсызданууда


Amnesty International (AI) Эл аралык укук коргоо уюму берген маалыматка ылайык, 2014-жылы дүйнө боюнча өлүм жазасынын саны кескин өскөн. Өкмөттөр кылмыштуулук, террорчулук менен күрөштө жана өз өлкөлөрүндө туруктуулукту камсыздоо үчүн жогорку жазаны көбүрөөк колдоно баштаган.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун 1-апрелде жарыялаган отчетуна ылайык, 55 өлкөдө 2 466 киши өлүм жазасына тартылган. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 25% жогору.

Бейөкмөт уюмдун отчетунда Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка регионунда өлүм жазасына тартылган адамдардын 90% Иран, Сауд Арабия жана Иракка туура келет. AI белгилегендей, Беларус - Европадагы жана постсоветтик мейкиндикте өлүм жазасы ишке ашкан жалгыз өлкө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG