Бул тууралуу “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын облустук мекемесинин юристи Айсулуу Камбарова билдирди. Жыл башынан бери газ колдонуучу кардарларга келишим түзүү боюнча билдирүү берилген. Азыр алардын 40% гана 1-апрелге карата жаңы келишим түзүшкөн.
Мурда абоненттер көгүлтүр от тууралуу келишимди “Кыргызгаз” менен түзүшкөн. Аталган ишкана өткөн жылы Орусиянын “Газпром” компаниясына ири карызы менен кошо символикалык түрдө 1 сомго сатылып, анын ордуна "Газпром-Кыргызстан" ишканасы түзүлгөн. Эми жаңы ишкана менен жаңы макулдашуу түзүү зарылчылыгы келип чыкты.
Жалал-Абадда 20 миң абонент газ колдонот. 1-апрелге чейин келишим түзүү үчүн мөөнөт чектелсе, эми ал 1-майга чейин жылды. (RsK)