Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Дүйнөдөгү эң кары адам дүйнө салды


Жапониялык Мисао Акава 1-апрелде көз жумду. Бир ай мурда Мисао байбиче 117 жашка толгон эле. Байбиче үч бала төрөп, алардан төрт небере жана алты чебере көргөн. Ал 1898-жылы 5-мартта туулган. Беш жылдан кийин ага-ини Уилбур жана Орвил Райттар адамдар учуучу биринчи моторлуу аэропланды жасашкан.

Мисао Акава 114 жашка толгондо дүйнөлүк рекорддорду каттачу Гиннесс китеби аны Жердеги эң кары байбиче деп тааныган. Дүйнөдө эң узак жашаган эркек да жапониялык. Сакари Момой карыя быйыл февралда 112-туулган күнүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG