Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

“Майдан” гезити парламенттин бюджети боюнча тактоо берет


Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Майдан” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов менен болгон сүйлөшүүлөрдө ал гезиттин кийинки санына парламенттин бюджети туурасында такталган маалыматты жарыялоого убада берген. Мындан улам Кожомкулов өзүнүн сотко берген арызын чакыртып алды.

Кожомкуловдун айтымында, парламенттин жылдык бюджети гезитте маалымдалгандай, 440 миллион доллар эмес, 790 миллион сомду түзөт жана соңку жылдары бюджетти оптимизациялоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Парламенттин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкулов өткөн жылдын аягында “Майдан” гезитин Жогорку Кеңештин бюджетине байланыштуу жалган маалымат берди деп айыптап, басылманы сотко берген. “Майдан” гезитин башкы редактору Нургазы Анаркулов гезитке басылган “Асылбек Жээнбеков ким?” аттуу сурамжылоодо Алмаз Кожомкулов туурасында сөз болбогонун, сурамжылоого катышкандар спикердин жумушуна баа беришкенин билдирген. Башкы редактор муну спикер Асылбек Жээнбековдун буйругу экенин божомолдоп жатканын белгилеген болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG