Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Апрель-июнь окуяларында жабыркагандарга жардам берилет


Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева апрель ыңкылабынын катышуучулары менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, 2010-жылдын апрель-июнь окуяларында каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө, алардын ичинде аскер кызматкери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 10 миң сомдон бир жолку материалдык жардам берилет. Ал эми бул окуялар учурунда жабыркап, ден соолугуна оор залал келгендерге 5 миң сомдон акча берилет. Жеңил жараат алгандар 3 миң сомдон жардам алышат.

2010-жылдагы окуяларда каза таап, жабыркагандардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо боюнча мыйзам 2012-жылдын 22-октябрында кабыл алынган. (AzK)

XS
SM
MD
LG