Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:51

Аба ырайы: кар жаашы күтүлүүдө


Ош шаары. 30-март, 2015-жыл.
Ош шаары. 30-март, 2015-жыл.

Кыргызстанда 2-апрелде айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8;

Талас өрөөнүндө -3...-8, 3...8;

Ош, Жалал-Абад аймактарында-3...2, 3...8;

Баткен облусунда -3...2, 3...8;

Ысык-Көл облусунда 0...-5, 2...7;

Нарын облусунда -1...-6, 0...5

Бишкекте 2-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус суук, күндүз 4…6 градус жылуу болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG