Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Йеменде авиачабуулдан дагы 35 адам жайран болду


Сананын четиндеги аэропортко чукул шаарча авиасоккудан кийин. 31-март, 2015-жыл.
Сананын четиндеги аэропортко чукул шаарча авиасоккудан кийин. 31-март, 2015-жыл.

Бүгүн (1-апрель) Йемендин батышында бомба чабуулунан бери дегенде 35 адам каза болду. Ходейда порт-шаарындагы май жасоочу ишканага бомбаны коалициянын учактары таштадыбы же козголоңчу күчтөрбү беймаалым. Саудия баштаган коалициянын учактары жети күндөн бери Йемендеги шиит козголоңчулары-хуситтерге сокку урууда.

Жекшемби күнү Йемендин түндүгүндөгү качкындар лагерине жасалган авиачабуулда кеминде 19 адам өлүп, 35 адам жарадар болгонун 31-мартта Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсеси тастыктаган.

БУУнун балдар агенттиги - ЮНИСЕФ соңку бир жумада Йемендеги салгылашууларда 62 бала набыт болуп, 30 бала жараат алганын билдирген.

Ирандын эскертишинче, Саудия жетектеген Йемендеги аскердик операция жалпы чөлкөмдү бейстабилдештирет. Эр-Рияд, тескерисинче, "Тегеран колдогон хуситтер Йеменди капсалаңга салууну көздөйт" деп Иранды сынга алды.

XS
SM
MD
LG