Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча 2015-жылдын 1-апрель күнү күндүзгү саат 11:36 чамасында күчү 2- 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында жайгашып, Ош шаарынан 15 чакырым түштүк-батышты, Кара-Суу шаарынан 15 чакырым түштүк- батышты карай жайгашкан. Жердин силкинүүсү эл отурукташкан аймакта сезилген эмес.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (AzK)