Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Атамбаев немис канцлери Меркел менен жолугат


1-апрель, 2015-жыл. Берлин
1-апрель, 2015-жыл. Берлин

Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык президенти Йоахим Гаук менен анын Берлиндеги “Белевью” резиденциясында жолугушту.

Алгач федералдык президенттин резиденциясында ардак кароол тизилип, президент Атамбаевди жана биринчи айымды Германиянын президенти Йоахим Гаук жубайы менен тосуп алды. Протокол боюнча президенттер жубайлары менен катар сүрөткө түштү. Андан соң президент Атамбаев “Белевьюдагы” федералдык президенттин эстелик китебине кол койду. Мындан кийин эки президент сүйлөшүү бөлмөсүнө кирип, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн жолдору жана эл аралык абалга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Ушул сааттарда президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолукканы жатат. (AzK\KJ)

XS
SM
MD
LG