Облустун борборундагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда 3-апрелде облустагы аялдардын катышуусунда форум болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова билдирди.
Мааалыматка караганда “Аялдардын коомдогу орду” аталышындагы форумга облустун район-шаарларынан алдыңкы 400гө чукул аял чакырылган. Ошондой эле Ош, Баткен, Ысык-Көл облусунун атайын өкүлдөрү жана экс-президент Роза Отунбаева да катышары күтүлүүдө.
Иш-чара март айынын башында Бишкек шаарында өткөн аялдардын биринчи улуттук форумунун уландысы болуп эсептелет жана аны облустук бийлик уюштурууда. (RsK)