Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Тажикстанда тыюу салынган ислам уюмуна мүчө 11 эркек соттолду

Өзбекстан ислам кыймылынын кор башысы-Усмон Газы. Пакистан.
Өзбекстан ислам кыймылынын кор башысы-Усмон Газы. Пакистан.

Жогорку Соттун 1-апрелде маалымдашынча, Согди облусунун Спитамен кыштагынын жети тургуну "Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү" деп айыпталып, 9 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Алардын мыйзамсыз уюмдун мүчөсү экенин билип, бирок аны бийликтен жашырганы үчүн үч жаран бир жылга соттолду. Береги уюмга мүчө Исфара районунун тургуну 9 жыл абакка кесилди.

Өзбекстан ислам кыймылы Ооганстан жана Пакистанда өтө активдүү. Ага Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Орусияда тыюу салынган, АКШ дагы аны террорчу уюм деп тааныган.

XS
SM
MD
LG