Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:44

Ядролук сүйлөшүүдө "маанилүү суроолор" чечилбей жатат


Ядролук сүйлөшүүдөгү танапис маалында АКШ Мамкатчысы Жон Керри терезеден сыртка көз салууда. 1-апрель 2015
Ядролук сүйлөшүүдөгү танапис маалында АКШ Мамкатчысы Жон Керри терезеден сыртка көз салууда. 1-апрель 2015

Дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү жана Ирандын мартабалуу дипломаттарынын Лозаннадагы сүйлөшүүсү уланууда.

Тараптар Ирандын ядролук программасы боюнча келишимдин негизи тууралуу өткөн түнү бир бүтүмгө келе алган эмес. Эгер Тегеран уран байытууну кыскартса, БУУ, ЕБ жана АКШ мурда киргизген экономикалык санкцияларды токтотушат.

Швейцарияда келишимдин негизи макулдашылса, кортунду келишимге 30-июнда кол коюлат жана 12 жылдан берки талаш жөндөлөт. Сүйлөшүүдөгү Ирандын башкы өкүлү Аббас Аракчинин айтымында, ортодо талаш суроолор калууда. “Маанилүү маселелер чечилиши керек”, - дейт Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонд. 1-апрелде Лозаннада АКШ Мамкатчысы Жон Керри бул маселе боюнча ирандык коллегасы Жавад Зариф менен сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG