Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Обама хакерлерге каршы санкция тууралуу буйрукка кол койду


АКШ президенти Барак Обама улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген хакерлик чабуулдарга санкция киргизүү жөнүндөгү буйрукка кол койду. Ага ылайык, чет элде хакерлик менен алектенгендер аныкталса, алардын америкалык активдери тоңдурулуп, АКШга кирүүсүнө тыюу салынат.

Соңку маалыматтарга караганда, орусиялык хакерлер АКШ Мамлекеттик департаментинин электрондук дарегине чабуул койгонго аракет кылган. Натыйжада интернет почта март айында кыска убакытка жабылган.

Орус тарап буга тиешеси жок экенин билдирген. Ошондой эле Вашингтон хакерлик чабуулдарга Түндүк Кореянын программисттери да аралашкан болушу мүмкүн деп эсептейт. (SE)

XS
SM
MD
LG