Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:53

Бишкекте кан тапшыруу акциясы өтөт


Жарандык активисттер өкмөт менен бирге бүгүн Бишкек шаарында кан тапшыруу акциясын өткөрөт. Ага вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Акция Республикалык кан борборунда саат 11:00де башталат.

Аталган борбордон билдиришкендей, акыркы учурда Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып кеткен. Жыл сайын 17-апрель - Гемофилия оорусуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата апрелде кан тапшыруу акциясы уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG