Бир айга созулган салгылашуулардан соң Ирак өкмөтү Тикрит шаарында өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун согушкерлерин жеңгенин жарыялады. Мамлекеттик телеканал 1-апрель күнү өкмөт башчы Хайдар ал Абади аскерлердин коштоосунда Тикрит көчөлөрүндө Ирактын желегин желбиретип жүргөнүн көрсөттү. Багдаддан 140 километр алыста жайгашкан бул калааны согушкерлер өткөн жылдын июнь айында басып алган болчу. Ички иштер министри Мухаммед ал Габбан журналисттерге билдиргендей, өкмөт күчтөрү ар бир үйдү текшерүүгө алды. Учурда шаарды тазалоо жүрүп жатат.
Тикриттен согушкерлерди сүрүп чыгуу аракети 2-мартта башталган.(SE)