Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:27

БУУ: Террордук уюмдардын мүчөлөрү тездик менен көбөйүүдө


"ал-Каиданын" мүчөлөрү, Сомали
"ал-Каиданын" мүчөлөрү, Сомали

БУУнун маалыматы боюнча өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ менен “ал-Каида” уюмунун мүчөлөрүнүн саны соңку учурда тездик менен өсө баштады. Маалыматка ылайык, аталган экстремисттик топтордун согушкерлери бир жыл мурункуга салыштырмалуу 70 пайыз көбөйгөн.

Ирак, Сирия, Ливия, Пакистан жана Филиппинде активдүү аракеттенип жаткан экстремисттик топтордун катарына бир жыл ичинде 100гө жакын мамлекеттен 25 миңден ашуун радикал көз караштагы динчил кошулган. Адистер бул абал глобалдык маанидеги коркунуч экенин эске салды.

XS
SM
MD
LG