Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Салык төлөөдөн качкан ишканага кылмыш иши козголду


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, «Саса Интернэшнл Инк» жоопкерчилиги чектелген коому өндүргөн продукциясынын баасын төмөндөтүп көрсөтүү жолу менен ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качканы аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, салыктардан 1 миллион 243 миң 825 сом азайтылганы белгилүү болду.

Бул факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG