Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Депутат Түркияда акысыз дарыланчуларды мамлекет да карашы керектигин айтып чыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков бүгүнкү жыйында Түркияга бекер дарыланууга барат деген жарандарга мамлекет тарабынан дагы колдоо керектигин, анткени Түркиянын саламаттык сактоо мекемелери операция жана дарылоо кызматтарын гана акысыз көрсөтүшөрүн айтып чыкты. Депутаттын айтымында, жол кире жана башка чыгымдарды оорулуу өзү көтөрүшү керек болгондуктан карапайым жарандарга бул кыйынга турушу жана ушул себептен бекер дарылануучулардын тизмесине кирбей да калышы мүмкүн.

Түркияда бекер дарылануу тизмесине кирүүнү каалагандар арбын. Алардын тизмесин атайын комиссия бир ай мурун карап баштаган.

Комиссиянын иши ачык-айкын болушу үчүн анын курамына министрликтин өкүлдөрүнөн сырткары депутаттар, жарандык коом өкүлдөрү да кирген.

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев Анкарага иш сапары менен барганда жыл сайын чет мамлекетте дарыланууга муктаж 100 кишини Түркияда бекер дарылатып туруу жөнүндө макулдашып келген эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG