Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Кургакчылыктан жапа чеккен Калифорнияда суу берүү чектелет


АКШда Калифорния штатынын акими өлкөнүн тарыхында биринчи жолу суу колдонууну чектөөгө буйрук берди. Губернатор Жерри Браун «тарыхый кургакчылыкта болуп көрбөгөн чараларга барууга мажбурбуз» деди. 1-апрелде жарыяланган изилдөөгө караганда, көзөмөл башталган 1950-жылдан бери быйыл кар эң аз жаап, суу сактагычтарда жайда жана күздө суу тартыш болоору күтүлөт.

Чектөөлөрдөн улам эми көңүл ачуучу парктарда жана голф майдандарында суу колдонуу төрттөн бирине азайтылып, ал эми жеке үйлөрдүн бакча, тамаркаларында чөп айдабастан, жашылдандыруунун сууну аз талап кылуучу башка чаралары көрүлүшү керек болот.

XS
SM
MD
LG