Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ооганстанда жанкечти чабуулунан 16 киши набыт болду


Ооганстанда жанкечтинин чабуулунда аз дегенде 16 киши каза тапты. Өлкөнүн чыгышындагы Хост дубанынын борборунда өтүп жаткан демонстрациядагы жардыруудан 40тан ашык адам жараат алды. "Азаттыктын" ооган кызматы билдиргенге караганда, демонстрация дубан башчысынын кызматын аткарып жаткан кишиге каршы уюштурулган эле. Жараат алгандардын арасында парламенттин коргоо комитетинин башчысы Хумайон Хумайон да бар.

НАТО менен АКШнын согуштук операциялары бүттү деп расмий жарыяланган декабр айынан бери Ооганстанда талиптердин чабуулдары токтой элек. Өлкөдө азыр 10 миңге чукул америкалык аскерлер кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG