Орус бийликтери билдиргендей, Украинанын президенти Петро Порошенкого тиешелүү болгон Липецк шаарындагы ишкана салык төлөбөгөн деген шек менен тинтүүгө алынды.
Жергиликтүү маалымат агенттиктери жазгандай, беткап кийген тартип коргоочулар кечээ "Рошен" фабрикасын курчоого алып, кире беришин тосмолоп салышты.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалымат кызматынын кабарына караганда, тергөөчүлөр "Рошенге" үч миллиондой долларлык салык төлөнбөгөндүгү боюнча документтерди издеп барышты. "Рошен" бул текшерүүнү «мыйзамсыз» деп айыптаган билдирүү таркатты. Порошенко өткөн айда орус бийликтерин "Рошенди" саттыруунун айласын издеп жатат" деп күнөөлөгөн эле. Ноябр айында фабрикадан 400 чакты жумушчу бошотулуп, өндүрүш кыскартылып жаткандыгы эскертилген болчу.