Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

“Кыргызтелекомдун” башкармалыгынын үч мүчөсү тең кызматтан кетти


“Кыргытелеком” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын 3 мүчөсү кызматтан кетүү туурасында арызын тапшырышты. Алар компаниядагы Директорлор кеңешинин саясатына макул эместигин билдирип, ушундай кадамга барышкан.

Арыз берген Эрмек Ниязов, Эмил Орозбаев жана Уран Эсенгелдиев компаниянын вице-президенти кызматын дагы аркалап жүргөндүктөн, эки жолу арыз жазышкан.

“Кыргызтелеком” ААКнын директорлор кеңешинин курамында эки эле киши бар. Алар Талгат Жолдошев жана Мирбек Мурзабеков. Кызматтан кеткендердин жазган арызы башкармалыктагы жаш кадрлар менен директорлор кеңешиндеги консервативдүү мүчөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестикти мүнөздөшү мүмкүндүгү айтылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG