Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

Мурдагы муфтий кармалганын казак соту бышыктады


Рахматулла ажы Эгембердиев
Рахматулла ажы Эгембердиев

Кыргызстандын мурдагы муфтийи, салыктан качкан деп айыпталган Рахматулла ажы Эгембердиев 29-мартта кармалганын Казакстандын түштүгүндөгү Сарыагаш районунун соту Берик Каипов бүгүн билдирди.

Каипов экс-муфтийдин Казакстандан саясий баш калка сураганы жатканын бышыктады. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Эгембердиев сотко келбегендиктен, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Эгембердиев өткөн жылдын башында интернетте чуулуу секс-видеотасма тарагандан кийин өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. Ага чейинки муфтий да салык төлөбөгөндүгү үчүн айыпталган эле. (jch/azk)

XS
SM
MD
LG