Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Тажикстанда исламдык партия кара тизмеге кириши мүмкүн


Дүйшөмбү калаасында Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясын террордук уюм деп таанууну Ислам университетинин профессору сунуш кылды.

Рахим Каримов исламдык экстремизм менен күрөштө тартип коргоо органдары менен кызматташууну бекемдөөгө арналган конференцияда чыгып сүйлөдү. Жарандык согуштан кийин бул өлкөдө таанылган Ислам кайра жаралуу партиясы Борбор Азиядагы расмий каттоодон өткөн жалгыз диний партия болуп саналат. Өткөн айда эреже бузуулар менен өттү деп саналган шайлоодо партия парламентке өтпөй калган эле.

Президент Эмомали Рахмон жакында Тажикстанды «мыйзамга баш ийген демократиялык жана секулярдык өлкө» деп аныктай турган программа түзүүгө чакырган болчу.

XS
SM
MD
LG