Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Орусия: чөккөн кемеде өлгөндөрдүн саны 56га жетти


Ыраакы Чыгыштагы Охотск деңизинде орусиялык балык уулоочу траулер чөккөн кезде ичиндеги 132 кишинин 54ү сууда тумчугуп өлгөндүгүн жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдашкан эле.

Кечээги кырсыктан 63 киши куткарылды. Көбү муздак сууда катуу үшүп калып, 10 чактысы эсине келбей жаткандыгы кабарланууда. Табылбай жаткандардын арасында экипаждын 13 мүчөсү да бар. Кеменин эмнеден чөккөнү тактала элек.

Куткаруу иштерине 25тен ашык балык уулоочу кеме көмөктөшүп жатат. Жүргүнчүлөрдүн катарында, Орусиядан тышкары Мьянмадан 42, Вануатудан беш, төрт украин, үч латвия жараны болгондугу кабарланууда.

XS
SM
MD
LG