Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф өз өлкөсүнүн ядролук программасы боюнча орток чечим табылганын Твиттер аркылуу кабарлады. "Орток чечимге келдик, эми макулдашуу долбоорунун үстүндө дароо иш башталышы керек", - деп билдирет Зариф.
АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай бейшембиде Ирандын ядролук программасын ооздуктоо боюнча соңку сүйлөшүүлөр айлампасын Швейцариянын Лозанна шаарында өткөрүшкөн.
Иран менен Европа Биримдигинин биргелешкен билдирүүсү жакын арада жарыяланаары күтүлүүдө.