Европарламенттин башчысы Мартин Шульц жакында расмий иш сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттик аппараттан “Азаттыкка” билдиришти. Сапардын алкагында Европа парламенти менен кыргыз бийлигинин ортосундагы кызматташтык талкууланат.
Президент Алмазбек Атамбаев 22-марттан 1-апрелге чейин Европанын беш мамлекетине иш сапар менен барып келди. Мамлекет башчы ал жакта Мартин Шульц менен жолугушкан учурда кызматташууну мындан ары да өнүктүрөрүн айтса, Шульц бул сүйлөшүүлөрдү Кыргызстанга пландалган сапарында улантуу ниетин билдирген. (SE)