Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:24

Ички иштер министрлиги Орусияда өкүлчүлүк ачат


Министр Мелис Турганбаев
Министр Мелис Турганбаев

Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев ушул күндөрү Москвада Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен өз ара кызматташуу маселесин талкуулап жатат. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар уюшкан кылмыштуулукка жана КМШ мамлекеттерине коркунуч келтирип жаткан көйгөйлөргө каршы чогуу күрөшүү маселеси боюнча пикир алмашууда.

Турганбаев Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн имаратын ачуу аземине катышат. Аталган өкүлчүлүк учурда Орусиядагы кыргыз элчилиги жайгашкан жерде иш алып барууда.

Министрдин 2-апрелде башталган Москва сапары 4-апрелде соңуна чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG