Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Кеме кырсыгында жоголгон балыкчылар изделүүдө


Ыраакы Чыгыштагы Охотск деңизиндеги кеме кырсыгында жоголгон 13 балыкчыны издөө иштери уланып жатат. 1-апрель күнү балык уулоочу траулер чөккөн кезде ичиндеги 132 кишинин 56сы каза тапкан. Куткарылган 63 кишинин көбү муздак сууда катуу үшүп калып, 10 чактысы эсине келбей жаткандыгы кабарланууда. Кеменин эмне себептен чөккөнү тактала элек.

Жүргүнчүлөрдүн катарында Орусиядан тышкары Мьянмадан 42, Вануатудан беш, төрт украин, үч латвия жараны болгондугу кабарланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG