Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

КМШ тышкы иштер министрлери Бишкекте жыйын курат


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Бүгүн Бишкекте КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталат. Анда он бешке жакын маселе каралат. Талкуунун өзөгүн коопсуздук темасы түзөт. Ошондой эле чек ара көйгөйлөрүн чечүү, маданий-гуманитардык байланышты чыңдоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кызматташтык каралат. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” билдиргендей, жыйынга Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа да катышат. Министрлер уюмдун коопсуздукту сактоодогу ролун жандантуу маселесин көтөрөт:

- Ооган тараптан келип жаткан коркунучтарды карайбыз. Кечээ Тажикстандан расмийлери ЖККУнун буга чейин берген убадалары так аткарылбай жатканын билдирди. Ушуга байланыштуу коопсуздукту сактоодогу аталган уюмдун ролу талкууланат,- дейт Исаков.

Эл аралык жыйынга Армения, Беларус, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдова, Украина жана Орусиянын тышкы иштер министрлери катышат. Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG