Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Кенияда согушкерлер студенттерди барымтага алды


Гарриса шаарындагы университет кампусуна “ал-Шабааб” экстремисттик тобунун согушкерлери чабуул коюп, 147 адамды өлтүрдү. Сексенден ашуун киши жарадар болду. Согушкерлер студенттерди барымтага алганы кабарланууда. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирет.

Согушкерлер христиан дининдеги студенттер кармалып, мусулман дининдегилер бошотулганын жарыялашты. Алар Сомалидеги согушкерлерге каршы Кения өкмөтү аскер жибергени үчүн өч алып жатканын белгилешти.

“ал-Шабааб” тобу “ал-Каида” уюмунун бир канаты. (SE)

XS
SM
MD
LG