Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:12

Ошто ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү фактылары аныкталды


Ош облустук прокуратурасынан билдиришинче, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча алкоголдук рынокту көзөмөлдөө башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери ишкердик субъекттерин текшерүүдө мыйзам бузууларга жол беришкен. Салык кызматкерлери жүргүзгөн текшерүү учурунда ишкерлер эскертүүлөр менен тааныша алган эмес жана текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу актылар түзүлгөн эмес.

Мындан тышкары 2014-жылдын март айында салык кызматкерлери Ноокат районунда рейд жүргүзүү учурунда жеке ишкерден 360 бөтөлкө коньяк ичимдигин алып, аны улук инспекторго каттоого беришкен. Бирок ал ичимдикти сатып жиберип, акчасын өзү алып койгон.

Бул факт боюнча Ош прокуратурасы Кылмыш кодексинин 304-бернеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 304-1-беренеси (мамлекеттик кызматкер тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү) жана 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.(AzK)

XS
SM
MD
LG