Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Газдын баасы 3 пайызга кымбаттады


Доллар курсу жогорулаганына байланыштуу апрель айы үчүн газдын баасы өткөн айга салыштырмалуу 3 пайызга кымбаттаганын “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты. Ошентип бул айда калк газдын куб метрине 14 сом 67 тыйын, ал эми коммерциялык жана бюджеттик мекемелер 17 сом 94 тыйын төлөйт. Кыргызстанда газдын баасы ай сайын доллардын курсуна жараша өзгөрүп турары алдын-ала айтылган.

Былтыр апрель айында “Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына сатылып, анын ордуна “Газпром Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Ошондон кийин, октябрь айынан тарта газ арзандаган. Ага чейин калк анын бир куб метри үчүн 16 сом 35 тыйын төлөп келген. Бирок доллар кымбатташы менен баа кайра эле ай сайын өсүп баратат.

XS
SM
MD
LG