Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Бишкекте КМШ тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды


Жыйында 2016-20-жылга чейинки тышкы чек аралардын коопсуздугун бекемдөө кызматташтыгын караган программанын долбоору талкууга алынат. Ошондой эле чек аранын сыртында күтүүсүз жагдай орун алып калса, аларды жөнгө салчу чек ара же башка бир күч топтомдорун түзүү боюнча маселе да каралат. Мындан тышкары КМШ мамлекеттеринин жалпыга билим берүү мекемелериндеги педагогикалык кызматкерлердин билимин көтөрүү боюнча макулдашуунун долбоору бекитилет.

Жыйын соңунда тышкы иштер министрлери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 40 жылдыгына байланыштуу ага мүчө мамлекеттерге бирдиктүү кайрылуу кабыл алышат.

Эл аралык жыйынга Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдова, жана Орусиянын тышкы иштер министрлери, Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары жана Украина менен Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө маанилүү иштер боюнча атайын элчилери катышууда. Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. (AzK\KJ)

XS
SM
MD
LG