Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Бишкекте Диагностикалык борбордун курулушу башталат


Бул туурасында Түркиянын Эл аралык кызматташуу уюмунун вице-президенти Мехмет Суреййа Эр билдирди. Анын айтымында, ушул тапта борборду куруу боюнча тийиштүү документтер даяр жана курулушту баштоого убакыт келди.

Клиниканын жумушчу долбоору жергиликтүү шартка ылайыкталган. Жаңы жабдуулар менен камсыздалып, курула турган клиника Борбор Азиядагы эң жаңы, заманбап борбор болот.

Аталган борбор №1 шаардык клиникалык оорукананын базасында салынат. Анын долбоору өткөн жылы даярдала баштаган. Курулуш иштерине 12 миллион доллар сарпталмакчы.

Мындан тышкары Түркиянын Эл аралык кызматташуу уюму "Мерседес" маркасындагы беш тез жардам унаасын бергени жатат. Жакынкы күндөрдө унаалар кызматка тапшырылат. (AzK)

XS
SM
MD
LG